Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Сокулукта зордуктоо окуясына байланыштуу аксакалдар жыйын курууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Чүйдүн Сокулук районунда бойго жете элек кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар жыйын куруп жатат.

7-декабрда Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйө келтиришти жана аны жазалоону талап кылышты. Айрымдары ал үй-бүлөсү менен көчүп кетиши керектигин, кээ бирлери укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жаза беришин күтүү керектигин айтышты.

Жыйынга жабыркаган кыздын туугандары, район акими Курманбек Айтибаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам жана депутаттар катышууда. Тургундар шектүүнүн сотун айылда өткөрүүнү суранганда, аким иштин баары мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүү жазаланарын билдирди.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы" айтылат.

Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек камакка алынган.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну Ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "Зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен.

“Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган.

Жазык кодексине ылайык жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG