Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Беларуста журналист Кузнечиктин абактагы мөөнөтү узартылды


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын журналисти Андрей Кузнечик.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын журналисти Андрей Кузнечик.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечиктин камактагы мөөнөтү дагы он күнгө узартылды.

Ал күмөн туудурган «бейбаштык иши» боюнча айыпталып, он күнгө камалган. 6-декабрда эркиндикке чыкмак.

Туугандарынын айтымында, ага азык-түлүк, кийим-кече алып келүүгө уруксат беришкен эмес. Учурда Кузнечик «Окрестина» тергөө абагында кармалып турат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчиси Жейми Флай Кузнечиктин «башка келбеген, ойлоп табылган иш боюнча» камалышын жана анын жаза мөөнөтүнүн узартылышынын өзүн кылмыш катары караса болот деп билдирди.

«Андрейге үй-бүлөсүнө кайтууга токтоосуз уруксат берилиши керек», - деп жазды 6-декабрда тараткан билдирүүсүндө Флай.

Журналисттин аялы Алеся Рактын айтымында, Андрей 25-ноябрда велосипед тепкени чыгып төрт адамдын коштоосунда келген. Алар эч кандай күбөлүк көрсөтпөй туруп батирди тинтип чыгышкан. Андан соң эч кандай түшүндүрүүсүз Кузнечикти алып кетишкен.

Беларуста жарандык активисттерди, журналисттерди, бийликке каршы пикирин билдиргендерди куугунтуктоо 2020-жылдын ортосунан бери уланып келет. Ошол кезде шайлоодо Александр Лукашенконун утушуна каршылык билдирип, түмөндөгөн адам нааразылык акциясына чыккан.

Бийлик демонстрацияларды күч менен басып, миңдеген адамдарды камакка алган. Укук коргоочулардын айтымында, учурда абакта 800дөй саясий туткун бар. Бийликтин чабуулуна көз карандысыз маалымат каражаттары жана социалдык тармактардагы оппозициячыл каналдар да дуушар болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG