Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Масадыков коопсуздук маселелерин талкуулаганы Иранга барды


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахиян.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахиян.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков үч күндүк сапар менен Иранга барды. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Масадыков Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Шамхани менен жолукту.

Шамхани менен Масадыков Тегеран менен Бишкектин ортосундагы коопсуздук жана экономика тармагында кызматташууну кеңейтүү тууралуу сүйлөштү.

Андан тышкары тараптан Ооганстандагы кырдаалды, анын чөлкөмгө тийгизген таасирин талкуулашты.

Ошондой эле Масадыков Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахиян менен да жолукту.

Абдоллахиян эки мамлекеттин транспорт жаатында кызматташуусун жогору баалап, өлкөнү Азиянын батышы менен бириктире турган Кыргызстан-Бандар-Аббас темир жол коридорунун пилоттук эксплуатациясын мисал келтирди.

Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берери белгилүү болгон.

Тышкы иштер министрлиги жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан товардын транзити үчүн порттон тийиштүү инфраструктура да берилерин билдирген.

Бандар-Аббас – Ирандын түштүгүндө, Перс булуңунда жайгашкан порт шаары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG