Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопко тартууга макулдугун берди


Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду кылмыш жообуна тартууга макулдугун берди. 6-декабрда БШКнын отурумунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Таштанбековду жоопко тартууга макулдук тууралуу өтүнүчү бир добуштан канааттандырылды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул чечим саясатчынын талапкерлик макамына таасир этпей турганын, нааразы тараптар сотко кайрылууга укуктуу экенин айтты:

“Биз кандай чечим кабыл албайлы, ал азыр талапкердин макамына таасир этпейт. Акбөкөн Таштанбеков талапкер бойдон калып жатат”.

Бүгүнкү жыйынга УКМКнын тергөөчүсү Улук Бараканов катышып, Таштанбековго козголгон иш боюнча маалымат берди жана ал адвокатка муктаж эместигин айтканын, ишке тиешеси бар башка адамдар да изделип жатканын маалымдады.

Саясатчынын жактоочусу Жылдыз Касаналиева атайын кызмат Таштанбековду адвокаты менен жолуктурбай койгонун, шайлоодогу атаандаштары аны жарыштан четтетүүгө аркет кылып жатышканын билдирди.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Таштанбеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, эң көп добуш алган.

УКМК ага карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун 6-декабрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан.

Адвокат Касаналиева “Таштанбеков ал видеону жайылткан эмес. Анын атаандаштары үч жыл мурдагы видеону алып, интернетке салып, улам жайылтып жатышат. Андан кийинки талапкерди өткөрүүгө аракет кылынууда” дейт.

УКМК тергөө БШКнын чечимине жараша бүтүм чыгарып, саясатчынын аракеттерине юридикалык баа берилерин билдирдген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG