Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:42

УКМК: Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иши козголду


Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун 6-декабрда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан:

“Бул чагымчыл видеодо Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан, улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. 4-декабрда анын аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилери бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон”.

УКМК билдиргендей, 6-декабрда тергөө органдары Таштанбековду жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөттү. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тиешелүү чечим чыгарып, саясатчынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбеков 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо өз округу боюнча эң көп добуш алган. Ал өзү же жактоочулары УКМКнын маалыматы боюнча азырынча комментарий берише элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG