Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Москвада сегиз тажикстандык ишкерлерге кол салганы үчүн соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада Тажикстандын сегиз жараны ишкерлерге куралдуу чабуул уюштурганы үчүн 8,5 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Москва облустук прокуратурасынын "Телеграм" каналында жарыяланды.

Анда "Сот алты адам Москва жана Подмосковьенин аймагындагы ишкерлердин жеке турак жайларын тоногон топтун мүчөсү болгонун аныктады. Алар травматикалык жана башка куралдарды колдонуп, акча, баалуу буюмдарды, курал-жарактарды уурдап келишкен. Жалпы чыгым 11,5 миллион рублга барабар", - деп белгиленген.

Ушул жылдын жазында Тажикстандын дагы беш жараны Коргоо министрлигинин чалгын кызматына (ГРУ) чабуул койгону үчүн 9дан 17 жылга чейин эркинен ажыратылган. Маалымат каражаттары жазгандай, алар "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө болушкан.

Анткен менен соттолгондор аларга тагылган айыптарды мойнуна алышкан эмес. Алардын бири сот маалында иш "ойлонуп табылганын" айткан.

Орусияда оор кылмыштар үчүн кесилген тажикстандыктардын көбү "ойлонуп табылган иштин" айынан камалышканын жана сурак маалында кыйноого алынганын айтып келишет.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, жыл сайын Орусияга миллиондон көп тажик жарандары эмгектенип, акча тапканы барышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG