Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Өзбекстанда бийлик TikTok Fest фестивалына тыюу салды


Орусиялык блогер Даня Милохиндин "Инстаграмынан" алынган сүрөт.
Орусиялык блогер Даня Милохиндин "Инстаграмынан" алынган сүрөт.

Өзбекстанда 25-декабрга пландалган TikTok Fest иш-чарасына бийлик "улуттук менталитетке туура келбейт" деген жүйө менен тыюу салды.

Маданият министрлиги тараткан билдирүүдө "фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганы", "жаштардын аң сезимине туура келбеси" жана өзбек элинин "улуттук менталитетине каршы келери" белгиленет.

Фестивалга орусиялык видеоблогерлер Даня Милохин, Артур Бабич, Егор Шип жана башкалар катышмак.

Фестивалдарды өткөрүүгө уруксатты Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик Маданият министрлиги менен кеңешип берет.

Буга чейин өзбек бийлиги саясий маселелерди көтөргөн жергиликтүү видеоблогерлерди сындап келген. Алардын айрымдарына видеолору үчүн айып пул салынып, алтургай административдик жазага тартылган учурлар болгон.

Апрель айында Ташкент метросунда жасалма үйлөнүү той өткөргөндөрдү тарткан тиктокерлерге 980 сум көлөмүндөгү айып пул салынган эле.

11-майда Алишер Навоинин эстелигинин жанында тартылган "Тик-Ток" үчүн Самарканддын эки тургуну 15 күнгө камалган.

Андан соң президент Шавкат Мирзиёев Навоинин эстелигинин жанында бийлеген тиктокерлерди сынга алып, бул үчүн жаза катаалдашарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG