Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Фаучи "Омикрон" тууралуу жыйынтык чыгарууга эрте экенин айтты


Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи.
Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи.

Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи алдын ала маалыматтарга таянып, коронавирустун "Омикрон" деген жаңы түрү "Дельта" штаммына караганда алсызыраак болушу мүмкүн экенин айтты.

Ал 5-декабрда CNN каналына берген маегинде "Омикрон" канчалык олуттуу экенин тактоо үчүн дагы убакыт жана маалымат зарылдыгын кошумчалады.

"Ал чындыгында "Дельтага" салыштырмалуу жеңилирээк деген жыйынтык чыгаргыча этият болушубуз шарт", - деди башкы эпидемиолог.

Ноябрь айынын орто ченинде алгач Түштүк Африка республикасында аныкталган коронавирустун бул түрү жугуштуу экенине карабай, белгилери мурдагы штаммдарга караганда жеңил өтөрү кабарланууда. Азырынча илимпоздор "Омикрон" вакциналарды канчалык тоготорун иликтеп жатышат. Коронавирустун жаңы түрү ондогон мамлекеттерде аныкталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG