Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт


Бишкек шаарынын жаңы жылдык дизайн-коду.
Бишкек шаарынын жаңы жылдык дизайн-коду.

Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тартты. Бул тууралуу 6-декабрда мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жамгырчиева билдирди.

"Коопсуздукту жана шаардык бюджеттин оптимизациясын эске алуу менен мэр Айбек Жунушалиев ушундай чечим кабыл алды. Мындан 800 миң сомдун тегерегинде акча үнөмдөлөт".

Соңку жылдары суук мезгилде Бишкекти ыш каптап, дүйнөдө абасы эң кир шаарлардын башкы саптарынан түшпөй келатат.

World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 6-декабрда 170тен ашты. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт.

Ушул тапта Бишкек Жаңы жылга карата кооздолуп жатат. Борбордук аянттагы жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат.

Ала-Тоо аянтына бийиктиги 25 метр балаты орнотулат. Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG