Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Путин Индияга курал-жарак маселесин талкуулаганы барды


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди. 6-декабрь, 2021-жыл. Нью-Дели.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди. 6-декабрь, 2021-жыл. Нью-Дели.

Коргонуу, курал-жабдык, өзөктүк энергетика жана Ооганстандагы кырдаал Индия менен Орусиянын делегацияларынын жыйынында талкууланганын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 6-декабрда билдирди.

Жыйын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модинин жолугушуусун утурлай өттү.

Лавров ошондой эле АКШнын келишимдерди үзгүлтүккө учуратуу аракеттерине карабай Индияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин жеткирүү макулдашуусу улантыларын кошумчалады.

2018-жылы түзүлгөн 5,4 миллиард долларлык келишимге ылайык, Индия Орусиядан зениттик-ракеталык комплекстерин ала баштады. Буга чейин Түркия Орусиядан F-35 аскердик тик учактарын сатып алганда Америка Анкарага каршы санкция киргизген.

Times of India кабарлагандай, Индия аталган комплексти Кытай жана Пакистан менен чек арадагы талаштуу аймакка жакын жайгаштырууну көздөп жатат.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Орусия менен Индия он чакты келишимге, анын ичинде энергетика боюнча макулдашууга кол коюшарын өткөн жумада билдирген.

XS
SM
MD
LG