Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 10:20

АКШ Кытайда өтө турган кышкы Олимп оюндарына расмий өкүлдөрүн жибербейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Ак үй билдиргендей, Кошмо Штаттар Бээжинде 2022-жылы өтө турган Олимп оюндарына дипломаттарын жана расмий өкүлдөрүн жибербейт.

«Кытайдын бийлиги Шинжаңдагы уюштуруп жаткан геноцидди жана башка укук бузууларды эске алуу менен АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы 2022-жылкы Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарына жана Паралимпиадага дипломатиялык жана расмий делегация жибербейт», -деди Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки 6-декабрда өткөн брифингде.

Псаки АКШнын олимпиадалык курама командасы Бээжинге бара турганын жана спортчулардын дипломатиялык бойкотко тиешеси жок экенин кошумчалады.

Өткөн айда президент Жо Байден Кытайдагы адам укуктары боюнча кырдаалга байланыштуу дипломатиялык бойкот маселесин караштырып жатканын билдирген. Вашингтон Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка диний, улуттук азчылыктарга каршы аракеттерин геноцидге теңеп келет. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь Бээжинде маалымат жыйын өткөрүп, «бойкоттоо» боюнча чакырыктар жөн гана «эл көзүнө» болуп жатканын белгилеп, аларды токтотууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG