Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Донор уюмдар БУУ аркылуу Ооганстанга жардам берүүнү макулдашты


Вазиристандан келген качкындар.
Вазиристандан келген качкындар.

Дүйнөлүк банк 10-декабрда донорлор Ооганстандагы гуманитардык кризистен чыгуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эки программасы аркылуу 280 миллион доллар жардам берүү чечимин кабал алганын жарыялады.

Маалыматка ылайык, БУУнун эки программасы: ЮНИСЕФ жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча трасттык фонддон (ARTF) жыл аягына чейин каражат алат.

"Бул Ооганстанды калыбына келтирүү фондуна түшкөн акчаны ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн колдонуу боюнча бир катар кадамдардын башталышы", - деп айтылат Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө.

180 миллион доллар Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жана 100 миллион доллар ЮНИСЕФке бөлүнөт. Каражат экономикалык жана гуманитардык кризиске кабылган Ооганстандагы негизги азык-түлүк коопсуздугу жана саламаттык сактоо маселелерин чечүүгө жумшалат.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Ооганстандын калкынын 55 пайызын түзгөн 23 миллион адам ачарчылык коркунучу алдында турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG