Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Польша Ryanair учагын кондурган диспетчердин сүйлөшүүсү жазылган жазууну жарыялады


Польшанын атайын кызматы социалдык тармактарга Минск аэропортунун диспетчери жана Ryanair учагынын учкучу менен NEXTA Телеграм-каналынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевичтин учакты күчтөп кондуруунун алдында борттогу сүйлөшүүсү делген аудиожазууну жарыялады.

"Дождь" телеканалынын (Орусияда чет элдик медиа-агент катары таанылган) маалыматы нда, бул жазууну "Фейсбукка" Польшанын атайын кызматынын координатору Станислав Жарин жарыялады. Анда айтылгандай, аудиожазууда үчүнчү адамдын диспетчерге орусча кеңешип жатканын угууга болот.

Тактап айтканда, аудиожазуу боюнча диспетчер өзүндөгү маалыматка таянып, учкучка Вильнюстун аба мейкиндигинде жарылып кетиши мүмкүн болгон борттогу бомба тууралуу кабарлайт. Диспетчер сүйлөбөй калганда бир киши орус тилинде андан ары улантуусун суранат. Андан кийин диспетчер учкучка Минскиге конууну сунуштайт. Экипаждын мүчөсү бул сунуш кайдан келгенин сурайт. Польшанын атайын кызматтары КГБнын офицери деп атаган адам "Биздин сунушубуз боюнча" деп кеңеш берет. Диспетчер анын сөзүн Ryanair учкучуна кайталайт.

Ушул жуманын башында The New York Times гезити 23-майда Минскиде учакты чукул кондурган авиадиспетчер Олег Галегов, оппозиционер блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега Польша бийлигине көрсөтмө бергенин жазган.

Беларус прокуратурасы оппозиционер блогер Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы, быйыл май айында аны менен кошо кармалган Орусиянын жараны София Сапегага акыркы айыбын угузган. Ал “кастык козуткан” деп шек саналууда жана бул үчүн кеминде алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сапега Телеграмда беларус оппозициясынын тарапкерлери күч кызматкерлеринин жеке маалыматын жарыялап турган каналды башкарган деп айыпталууда.

Беларуста жашап келген орусиялык София Сапега жана Роман Протасевич быйыл 23-майда Афиныдан Вилньюска учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы Минск шаарына күч менен кондурулганда кармалган. Кийин экөө тең үй камагына алынган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG