Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 68 адамга жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-декабрга карата Кыргызстанда 68 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды.

Алардын көбү Бишкек шаарында. COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бир суткада инфекциядан эки киши каза болду. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун саны 2766га жетти.

  • Бишкек - 29
  • Ош шаары - 1
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу – 6
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 6
  • Баткен облусу - 3

Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 931 адам катталды. Ушул тапта ооруну жуктуруп алган 347 адам ооруканада, 371и үйүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 11-декабрга карата 2 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 938 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG