Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тапшырылды


Орусиялык «Новая газета» гезитинин баш редактору Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жаткан учуру. 10-декабрь, 2021-жыл.
Орусиялык «Новая газета» гезитинин баш редактору Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жаткан учуру. 10-декабрь, 2021-жыл.

Норвегиянын борбору Осло шаарында 10-декабрда Нобел сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Быйылкы Тынчтык сыйлыгын орусиялык, «Новая газета» басылмасынын баш редактору Дмитрий Муратов жана филиппиндик журналист Мария Ресса алышты.

Нобел комитетинин билдирүүсүндө, журналисттер бул абройлуу эл аралык сыйлыкты “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзгөн пикир эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” алышкан.

Салтанатта Муратов менен Рессага Нобелдин лауреаттарынын дипломдору менен алтын медалдары тапшырылды.

Калыптанып калган салт боюнча лауреаттар чыгып, сөз сүйлөштү.

Дмитрий Муратов адамдар зордук-зомбулук жана технологиялык прогресстин ордун баса аларына ишене баштады деген кооптонуусун айтты. Ал «дүйнө демократияны чанып баштады» деп эсептейт:

"Азыркы идеологдор "мекен үчүн жашоону эмес, мекен үчүн өлүү" идеясын кайрадан жайылтып жатышат. Бизди кайрадан алдоого жол бербейли".

Муратов ошондой эле кыйноолорго каршы эл аралык трибуналды түзүүнү сунуш кылды жана Орусияда "чет элдик тыңчы" деген жарлык тагылып, куугунтукка кабылган "Мемориал" уюмун колдоп сүйлөдү.

Абактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга да токтолуп: «Биздин өлкөдө жалган жалаа менен козголгон кылмыш иштери көбүнчө саясий мүнөзгө ээ», - деди.

Сөзүнүн соңунда Муратов каза болгон журналисттерди бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерди.

Буга чейин Орусиядан, советтик жана постсоветтик чөлкөмдөн чыккан 21 адам бул абройлуу сыйлыктын лауреаты болушкан.

Дмитрий Муратов Орусиянын тарыхында Андрей Сахаров менен Михаил Горбачевдон кийинки Нобел Тынчтык сыйлыгын алган үчүнчү лауреат болду.

Салтанаттуу аземди "Настоящее время" телеканалы түз алып көрсөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG