Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

УКМК Баткенде 7 килограмм маңзат табылганын билдирди


Баткендик тургундун унаасынан табылган баңгизат. Сүрөт УКМКдан алынды.
Баткендик тургундун унаасынан табылган баңгизат. Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Лейлек районунун Арка айылынын К.К. аттуу тургунунун автоунаасынан 7 килограмм салмактагы баңгизаты табылганын билдирди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы, бүгүн 11-декабрда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, баңгизат ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында жергиликтүү тургундун "Опел" үлгүсүндөгү жеңил автоунаасында катылган жеринен табылган.

Тийиштүү иш-чаралар Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлдү.

Текшерүү 9-декабрда болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат гашиш (кара куурай) экени аныкталган. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташып саткан деген шек менен декабрдын башында бир адамды кармаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, “Тойота Ист” автоунаасынын багажынан эки сумканын ичинен скотч менен оролгон тогуз таңгак жана бир баштык зат тапкан. Өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгында табылган зат 10 килограммга жакын каннабис чайыры (гашиш) экени аныкталган.

Министрлик муну менен Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлганын бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG