Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

АКШ Шинжаңдагы репрессия үчүн жаңы санкцияларды киргизди


АКШ адамдын жүзүн таануучу программаны иштеп чыккан кытайлык компанияга жана Шинжаң жетекчилигинин эки мүчөсүнө, этникалык уйгурларга каршы каржылык санкцияларды жана башка чектөөлөрдү киргизди. Кошмо Штаттары аларды аймактагы репрессияга катышы бар деп айыптады.

10-декабрда жарыяланган чараларга ылайык, 2018-2021-жылдары Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун төрагасы болгон Шохрат Закир менен азыркы төрага, мурдагы орун басар Эркен Туниязга АКШга кирүүсүнө тыюу салынат.

"Закир жана Тунияз Шинжаңдагы 1 миллиондон ашык түпкүлүктүү, негизинен мусулман этникалык топтордун лагерлерге айдалышына алып келген репрессиялык ассимиляция кампаниясын жетектеген", - деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

Айрыкча бул аймакта этникалык уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башкалар кысымга алынууда.

АКШ SenseTime Group компаниясына инвестициялык чектөөлөрдү киргизип, анын жүзүн таануу программасы бийликтер Шинжаңдын калкын аныктоо жана көзөмөлдөө үчүн колдонулганын билдирди.

АКШ, Канада баштаган бир нече өлкө буга чейин Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын геноцидге салыштырган.

Кытай бийлиги Шинжаңды өнүктүрүүгө оңой эмес каражат жумшап жатканын жана мында эч кандай репрессия же геноцид жоктугун айтып, "кайра тарбиялоо" лагерлерин түзүү анын ички иши экенин, ага кийлигишүүгө болбой турганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG