Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Энергетикалык ишканалардын жетекчилери токту ашыкча колдонору айтылды


"Улуттук энергохолдинг" ишканасы энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук тармактык ишканалардын жетекчилеринин арасында электр энергиясын колдонуудагы лимиттин сакталышы боюнча текшерүү жүргүздү.

Анда ачык акционердик коомдордун айрым жетекчилери жана башкармалыктардын башчылары 5 кВт болгон электр энергиясын керектөөнүн кубаттуулугу боюнча белгиленген чектен өтө ашык колдонору аныкталган.

Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мекеме аларга кызматтан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлө турганын билдирди.

"Улуттук энергохолдинг энергокомпаниялардын кызматкерлеринин арасында электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузган, энергия менен камсыздоочу уюмдун көрсөтмөлөрүн аткарбаган адамдар бар экени тармакка көлөкө түшүрүп, энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылган ар бир адамдын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирүүдө", - деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы үйүнө криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруп алганы аныкталганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлаган.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске дуушар болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

"Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Айрым аймактарда электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG