Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Чымкентте полициянын бир нече кызматкери кармалды


Чымкентте тергөө учурунда полиция болүмундө каза болгон Нурболат Жумабаев.
Чымкентте тергөө учурунда полиция болүмундө каза болгон Нурболат Жумабаев.

11-декабрга караган түнү Чымкент шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө учурунда табышмактуу каза болгон 30 жаштагы Нурболат Жумабаевдин өлүмүнө шектүү катары үч полиция кызматкерин кармады.

Бул тууралуу маркумдун атасы Эркара Жумабаевдин адвокаты Талгат Есимов билдирди. Кийинчерээк шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалыматты ырастап, бирок канча киши кармалганын тактаган жок. Ишти прокуратура менен Улуттук коопсуздук башкармалыгы иликтеп жатат.

Жактоочу Есимовдун айтымында, үч шектүүгө карата "Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алар камакта.

"Азырынча үч адам кармалды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдар такталууда", - деген адвокат.

Буга чейин Телеграмдагы Kozachkov offside каналы кармалган үч адамдын аты-жөнүн жарыялаган. 11-декабрда "Азаттыкка" курган маегинде адвокат бул маалыматты тастыктады. Кармалгандар криминалдык милиция бөлүмүндө иштешет. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, алар Чымкент милициясынын кызматкерлери.

Чымкент шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Ералы Жумаханбетов 11-декабрда түштөн кийин тараткан билдирүүдө полиция кызматкерлери Жумабаевге күч колдонгонун тастыктады. Анын айтымында, полиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бирок алардын саны көрсөтүлгөн эмес.

8-декабрда каза болгон Нурболат Жумабаев тергөө үчүн Чымкент шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилип, сөөгү 11-декабрда кичи мекени Костанайга коюлган. Маркумдун жакындары аны полиция кызматкерлери ур-токмокко алган деп эсептешет. Буга чейин полиция "шектүү сурак учурунда өзүн жаман сезип, "Тез жардам" келгенге чейин эс-учун жоготкон" деп билдирген.

ИИМдин башчысы Ералы Жумаханбетов журналисттерге "прокуратура жана коопсуздук кызматы бардык жагдайларды текшерип чыкканын, көзгө көрүнгөн жарааттар жок" экенин билдирди. Маркумдун сөөгүн көргөн жакындары анын денеси канталап кеткенин айтышкан.

Жумабаев шаардагы уурдалган бир нече автоунаага шектүү катары милициянын бөлүмүнө жеткирилген болчу.

XS
SM
MD
LG