Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Адам укугун коргоо күнүнө карата интеллектуалдык оюн уюштурулду

Интеллектуалдык оюндун катышуучулары.
Интеллектуалдык оюндун катышуучулары.

Бишкекте 10-декабрда - Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө карата "Улгайган адамдардын укугу - бул адам укугу" деген ураан алдында интеллектуалдык оюн уюштурулду.

“Бабушка Эдопшн” коомдук кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чарага үч команда катышып, "Иностранные Гости" (Экспаты) тобу жеңип чыкты.

Мындан сырткары "Номадс ЛэндКГ", "Альянс Продукт" командалары катышкан. Оюнда чогулган каражат жалгыз бой улгайган адамдарга жумшалары маалыматта белгиленген.

Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган жана уюмдун алкагында адам укуктарына тиешелүү эл аралык бир нече келишимдерди ратификациялаган.

Бул күнгө карата 10-декабрда президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, инсандын негизги укуктары, эркиндигин коргоонун негизги принциптери жазылган Адам укуктарынын жалпы декларациясы мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойной турганын белгилеген.

​
XS
SM
MD
LG