Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

УКМК: түрк ишкери аэропорттогу милиция бөлүмүндө тонолгон


УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.

Кыргызстанда чет элдик ишкерди уурдап, 3 млн. доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип кармалгандардын арасында милиция кызматкери дагы бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөөдө уурдоону уюштурган жаран түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 1-декабрда учуп келген түрк ишкерин “Манас” аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, ошол жердеги милиция бөлүмүнө алып келишкен. Аны тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип шаардагы үйлөрдүн бирине алып барып, беш күн кармашкан.

Кылмышка шектүү катары үч жаран жана Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгына караштуу “Манас” аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы “П.Т.” кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени кабарланды. Иликтөө жүрүп жатат. Шектүү катары кармалгандардын жакындары жана адвокаттардан комментарий боло элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG