Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

АКШ Кыргызстанга дагы 49 миң доза Pfizer вакцинасын берди


Алымкадыр Бейшеналиев менен Соната Коултер. 27-октябрь.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Соната Коултер. 27-октябрь.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга 49 миң доза Pfizer вакцинасын берди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги билдирди.

Вакцинаны жеткирүү эл аралык COVAX программасынын алкагында ишке ашкан.

"Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын болушу бул пандемияны токтотуу үчүн абдан маанилүү. Бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана вирустун жаңы кооптуу штаммдарынын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”, - деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКШ өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

АКШ Кыргызстанга экинчи жолу Pfizer вакцинасын берип жатат. Октябрь айында 259 740 доза вакцина тапшырылган.

Пандемия башталгандан бери Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга COVID-19нун алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо үчүн 9 миллион доллардан ашык каражат бөлдү. Бул каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого жана медицина кызматкерлерин окутууга жумшалды.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 13-декабрга карата 1 млн. 160 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 942 миңден ашууну эки дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат. (МТа)

XS
SM
MD
LG