Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:09

Беларуста БШКны 25 жыл жетектеген Ермошина кызматтан кетти


Ермошина менен Лукашенко. Минск, 23-сентябрь, 2020-жыл.

Беларуста жаңы конституция боюнча референдум алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси алмашты. Бул кызматты 25 жыл аркалаган Лидия Ермошинанын ордуна мурдагы билим берүү министри Игорь Карпенко келди. Александр Лукашенко жаңы дайындоо тууралуу жарыялап жатып, “оңой эмес мезгил” күтүлүп жатканын, комиссияны жетектөөгө “тажрыйбалуу киши” керектигин белгиледи.

68 жаштагы Ермошина башка кызматка барып барбасы белгисиз. Ал төрайым болуп 1996-жылы Лукашенкону сындап келген Виктор Гончардын ордуна дайындалган. Гончар кийин дайынсыз жоголгон. Оппозиция жана көз карандысыз байкоочулардын айтымында, Ермошинанын Лукашенконун пайдасына жасалган бурмалоолорго түздөн түз тиешеси бар. Ал төрайым болуп турганда беларус лидери бир нече жолу президенттикке кайра шайланган. Былтыркы добуш берүүнүн жыйынтыгы катуу нааразылыкка алып келип, куугунтуктоо азыркыга чейин уланууда. Ермошина Еврошаркеттин санкция тизмесине киргизилген.

Элдик референдум эмки жылдын февралында өтүүгө тийиш. Оппозиция тарапташтарын добуш берүүгө катышып, бюллетендерди жараксыз кылууга чакырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG