Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Элчи кызматына талапкерлерди жаңы парламент карай турган болду 


Жогорку Кеңеш. Архив.
Жогорку Кеңеш. Архив.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди караган жок.

Комитеттен билдиришкендей, бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карай турган болду.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминов, Венгриядагы элчиликке Талант Кушчубеков сунушталган.

Фархат Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган.

Талант Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылдан бери Ибрагим Жунусов иштеп келген. Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги жаңы ачылды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-ноябрда чыгары айтылган. Парламенттин жаңы курамы 22-декабрда ант бере турганы айтылды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG