Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Өзбек министрлиги аялдарды асылуулардан коргоону сунуш кылды


Самарканд. Иллюстарция сүрөт.
Самарканд. Иллюстарция сүрөт.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги кыз-келиндерди зомбулуктан коргоону күчөтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты жазды. Атап айтканда, мекеме аялдарга асылуу жана интим сүрөттөр менен видеолорду таратуу үчүн жоопкерчиликке тартууну караштырууда.

Министрлик Өзбекстандагы кыз-келиндер көчөлөрдө, жумушта же окууда асылууга туш болсо, үйлөрүндө жакындарынын же күйөөлөрүнүн зомбулугунан жапа чегерин белгиледи.

Мыйзамда "кимдир бирөөнүн изине түшүү", "артынан түшүү" деген түшүнүк жок болгондуктан кыз-келиндерди коргоонун механизми дагы жок дейт аталган мекеме. Ал эми корголбой калган аялдар коркуу сезимине, депрессияга чалдыгышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда бүгүнкү күндө зордук-зомбулукка кабылган 36 миңге жакын аял коргоо ордерин алышкан. Бирок өлкөдө аялдарды реабилитациялоо жана адаптациялоо боюнча 29 гана борбор бар. Бул зордук-зомбулукка кабылган бардык аялдарды толук камтууга мүмкүндүк бербейт дейт министрлик.

XS
SM
MD
LG