Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Дубайга барат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Дубай шаарындагы "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле Дубай шаарындагы Dubai Smart City жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы Masdar City менен таанышат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү айтылды. Жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираты - 2021" туристтик роуд-шоу, бизнес-форум өтүп, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

"Дубай ЭКСПО-2020" бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү өткөн жылы болмок. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга жылып кеткен эле. Көргөзмө Дубай шаарында 2021-жылдын 1-октябрынан 2022-жылдын 31-мартына чейин өтөрү айтылды. Көргөзмө боло турган жай 25 миллион кишиге ылайыкталган. Алардын 70% чет элдиктер. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG