Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

"Чоң жети" Украинаны Орусиянын агрессиясынан коргойт


Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок, Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо, Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли. Ливерпулдагы саммит, 2021-жылдын 12-декабры.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок, Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо, Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли. Ливерпулдагы саммит, 2021-жылдын 12-декабры.

Жекшембиде Англиянын Ливерпул шаарында "Чоң жетиге" кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин саммити өттү. Дүйнөдө өнүккөн демократиясы бар жети мамлекеттин башкы дипломаттары Орусиянын Украинага жасаган агрессиясына каршы чогуу турууну макулдашты. Кремл буга чейин Украинага карасанатай планы жок экенин билдирген.

“Чоң жети” тобуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясы улана берсе, анын кесепети “өтө оор жана кымбатка түшөрүн” эскертти. Ливерпулдагы саммитке катышкандар Орусияны эскалацияны азайтып, дипломатиялык каналдарды колдонуп, эл аралык коомчулуктун алдындагы милдеттемелерин бузбай, украин чегиндеги аскердик аракеттери боюнча ачык-айкын маалымат берүүгө үндөштү.

“Биз Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле эгемен өлкөнүн өз келечегин өзү аныктоо укугун коргоодо чогуу аракеттенебиз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Англиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс глобалдык дүң өнүмдүн 50% түзгөн мамлекеттер бир пикирде экенин билдирди.

Батыштын чалгын кызматтары Орусия 2022-жылдын башында 175 миң аскери менен Украинага бир нече фронттон кол салууга камданып жатканы тууралуу билдирген.

АКШ президенти Жо Байден ишембиде журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Украинадагы кырдаалды орус кызматташы Владимир Путинге да эскерткенин айтты.

"Эгер ал Украинаны көздөй кыймылдаса, анын экономикасы оңбогондой жабыр тартарын даана түшүнгүдөй айттым", - деди Байден.

"Эгерде Орусия кол салса, америкалык аскерлер Украинага жиберилиши мүмкүнбү?" - деген суроого америкалык лидер “ал маселе эч качан талкууланган эмес” деп жооп берди.

8-декабрда Байден эки сааттай Путин менен видео аркылуу сүйлөшүп, бир катар маселелерди, анын ичинде украин-орус чек арасындагы соңку абалды талкуулаган.

Кремль Орусия-АКШ президенттиринин кийинки саммитин өткөрүүнү сунуштап, Москва эл аралык деңгээлде “кызыл чек” деп санаган тилке боюнча “олуттуу концепциялык айырмачылыктар” бардыгын билдирди. Өткөн жумада Путин Байденге бетме-бет жолугушууну сунуш кылганы 12-декбарда маалым болду.

9-декабрда Жо Байден украин президенти Владимир Зеленский менен өлкөнүн чыгышындагы абал боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү кайра улантууну, Украинанын коопсуздугун камсыз кылууга каржылык жана саясий колдоо көрсөтүүнү талкуулады.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Карен Донфрид Орусияга, Украинага барары жекшембиде маалым болду. Донфрид Москвада жана Киевде украин-орус чегиндеги кырдаалды талкуулап, Кошмо Штаттар Украинанын "суверенитетин, көз карансыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун" билдирет.

Донфрид андан ары Брюсселге токтоп, НАТОдогу өнөктөштөрү менен Донбасстагы жаңжалды дипломатиялык жол менен жөндөөнүн, Минск макулдашуусунун аткарылышын талкуулайт.

Москва азырынча “Чоң жетинин” министрлеринин билдирүүсүнө реакция жасай элек. Кремл буга чейин Украинага карасанатай планы жок экенин билдирип, Батышты “русофобиянын” кучагында калды деп сындаган.

Орусиянын тышкы иштер министринин өкүлү Мария Захарова жекшембидеги басма сөз жыйынында Батышты тескерисинче "украин элине зыянын тийгизип жатат" деп сындады.

Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Укриананын чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери украин армиясы менен Орусия колдогон жикчилдердин кармашында 13,200дөн ашуун киши каза тапкан.

“Чоң жети” тобуна дүйнөдөгү өнүккөн демократиясы бар АКШ, Канада, Жапония, Германия, Британия, Франция, Италия кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG