Украина НАТОго Орусиянын болжолдуу кол салуусуна жооп кылып, санкцияларды даярдоону сунуштады.
Киев алдын алуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнү, болбосо кийин бүтүндөй Европа үчүн кеч болорун эскертти. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Ригадагы жыйынында орусиялык агрессияны ооздуктоо үчүн чара көрүү маселеси талкууланды.
Киевдин келтирген жүйөсү
Украина НАТОго Орусия чек арада аскер кубатын күчөткөн шартта, анын ыктымал кол салуусун алып, токтотуу үчүн санкциялар топтомун даярдашы зарыл экенин билдирди. Түндүк Альянстын тышкы иштер министрлеринин Ригада өткөн жыйынында Украинанын башкы дипломаты Дмитрий Кулеба "Киев НАТОдогу өнөктөштөрдөн чыдамсыздык менен ар тараптуу колдоо күтөрүн" билдирди.
Дмитрий Кулеба орусиялык агрессияны азыр ооздуктап калбаса, аны кесепети бүтүндөй Европа үчүн да кооптуу экенин айтты.
"Орусиянын Украинага болжолдуу кол салуу коркунучунун олуттуу экенин эске алуу керек. Ошондуктан азыр Европа континенти абдан маанилүү чечүүчү учурда турушу мүмкүн. Мындай зарылдыкты кечигип далилдеп калбоо үчүн биз азыр күчтү көрсөтүү зарыл деп эсептейбиз".
НАТО: Киевди колдоого кепилдик
Украина НАТОго мүчө эмес. Бирок альянста Москва 2014-жылы Крымды караткандай, Украинага чукул басып кириши мүмкүн деген кооптонуу бар. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия Украинага күч колдонсо, анын куну өтө жогору болорун айтты.
"Союздаштардын мамлекет башчылары июндагы Брюсселдеги саммитте Грузиянын жана Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверендүүлүгүн чечкиндүү колдоосун ырасташкан. Грузия жана Украина НАТОнун жакын өнөктөштөрү катары анын миссиялары менен операцияларына өз салымын кошуп, Альянстын мүчөлүгүнө умтулууда. Союздаштар Бухаресттеги саммитте кабыл алынган чечимдерди кубаттап, биз мурдагыдай эле Грузия менен Украинага саясий жана практикалык колдоо көрсөтүүнү жактайбыз".
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен жыйында сүйлөп жатып, Кремлдин “жаңы агрессиясы” анын өзү үчүн оор кесепеттерге алып келерин эскертти.
Саммиттин экинчи күнүндө НАТОнун мүчөлөрү Украинанын эгемендигин жана аны аймактык бүтүндүгүн бузган ар кандай аскердик операциялар Европанын коопсуздугуна коркунуч жаратары белгиленди. Ошондуктан агрессияны ооздуктоодо Москвага карата “катаал” санкцияларды даярдап, зарыл учурда колдонуу мүмкүндүгү айтылды.
Анкара НАТОнун кеңейишин колдойт
Мындан сырткары Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Анкара Грузия, Украина сыяктуу Кара деңиздеги кошуналар менен НАТОнун кеңейишин кубаттарын билдирди.
"Ооба, Түркия кеңейүүнү жактайт. Түркия ага башка кошуна өлкөлөрдүн мүчөлүгүн колдойт. Мына ушуну биз, анын ичинде президентибиз Режеп Тайип Эрдоган да мурда саммиттин жүрүшүндө жана азыр НАТОнун министрлеринин жыйынында баса белгиледик".
Грузия менен Украина азыр НАТОго мүчөлүккө талапкер. Альянска кириш үчүн бул өлкөлөр бир катар шарттарды аткарууга тийиш.
Москва НАТОнун Чыгышка жылышына каршы
Ал эми Москва анын Украинага кол салуу планын четке кагып, Киев менен Батыштын өзүн агрессивдүү саясат алып барууда деп айыптады. Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде 1-декабрь күнү элчилерден ишеним грамотасын кабыл алууда НАТОнун Чыгышка кеңейүүсүн чектөө үчүн кепилдик керектигин билдирди.
"Биз НАТОнун Чыгышка карай жылып, андан ары кеңейүүсүн жокко чыгарчу келишимдерди иштеп чыгууну талап кылабыз. Ал эми Орусиянын аймагына жакын жерлерге бизге коркунуч туудурчу курал-жарак тутумун жайгаштырууга каршыбыз. Биз бул боюнча маңыздуу суйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылабыз. Бизге укуктук-юридикалык кепилдиктер керек экенин өзгөчө белгилейм. Анткени, Батыштагы кесиптештерибиз мурда өзүнө алган тиешелүү оозеки милдеттемелерин аткарган эмес",-деди Путин.
НАТОго мүчө болууну көздөгөн Украина аны кабыл алуу шарттарын тездетүүнү өтүнүп келет. Анткени, Киев соңку мезгилде Москва Украина менен чектешкен аймактарына 90 миңдей аскерин алып келип, орто жана алыс аралыкка атуучу ракеталарын, заманбап курал-жарагын жана оор аскер техникасын жайгаштырганына кабатыр.
Быйыл жазда Орусия батыш чек арасында ири аскердик машыгууларды өткөргөндө бул анын Украинага ыктымал кол салуу коркунучун көбөйткөн. Бир айга чукул убакыттан соң, Батыштын басымы астында Москва чек арадан аскер күчтөрүн ары жылдырып кеткенин жарыялады.
Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алып, Украин Чыгышында жикчилдерди колдогон согуштун айынан соңку жети жылда 13 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.
Украин башкы дипломаты Дмитрий Кулеба НАТОнун жыйынында Орусия чек арага жакын аймактарына, оккупацияланган Крымга жана Украинанын Чыгышындагы Москванын колдоосу менен жикчилдер басып алган Луганск жана Донецк облустарынын айрым жерлерине 115 миң аскерин жаңыдан жайгаштырганы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.
Батыш Орусияны Киев менен кепке келип, маселени тынч жол менен чечүүгө чакырып келет.