Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

НАТО коргонуу планын бекитти


НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы.
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы.

НАТОго мүчө мамлекеттер Орусиянын болжолдуу кол салуусунан коргонуунун башкы планын макулдашты. Ошондой эле бул аскердик союзду учурдун коркунучтарына жооп бере ала тургандай жаңылоо демилгеси көтөрүлдү.

Брюсселдеги НАТОнун коргоо министрлеринин саммитти Түндүк атлантикалык альянстын Орусия менен мамилеси бузулуп, тирешип турган учурга туш келди. Орусия НАТОдогу миссиясын токтотуп, Москвадагы эки кеңсесин жапкан.

Башкы аскердик план

НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери 21-октябрда Брюсселге Балтикадан Кара Деңизге чейинки евроатлантикалык чөлкөмдү жамааттык коргоонун жашыруун планын макулдашууга чогулду.

Бул башкы план кокустан кол салуунун мизин кайтарууга багытталган даярдыкты ичине камтыйт.

Германиядагы НАТОнун аскерлери. АКШнын Европадагы 41-талаа-артиллериялык бригадасы. 4-март, 2021-жыл.
Германиядагы НАТОнун аскерлери. АКШнын Европадагы 41-талаа-артиллериялык бригадасы. 4-март, 2021-жыл.

Альянс жогорку технологияны жайылтып, кибернетикалык, гибриддик жана космостук каражаттар аркылуу коргонуу жөндөмүн арттыруу маселесин карады.

"Биз азыр НАТОну трансформациялоо алдында турабыз. Соңку жылдары биз өзүбүздүн аймактарды коргоо үчүн биздин жамааттык коргонууну жандантып, кайрадан багытка салдык. Ошондуктан НАТОнун коргоо министрлери бүгүн бардык союздаштардын дараметин камсыздоо максаттарын макулдашышат. Мындан сырткары, алар евроатлантикалык чөлкөмдү коргоонун жалпы планын бекитишет. Ал зарылдык жаралганда, керектүү күчтөрдүн керектүү жерде, өз убагында болушун кепилдейт",- деди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Коргонуу планын жаңылоо Орусия заманбап курал-жарак тутумун иштеп чыгып, аскер техникасы менен аскерлерин Альянстын чыгыш чек арасына жакын жайгаштырган шартта зарыл экени айтылды.

"НАТО-Орусия мамилеси "кансыз согуштагыдан" да начар"

Бул саммит Орусия НАТО менен кызматташтыгын токтотуп, анын кеңсесин жабууну чечкен маалга туура келди. Ага чейин НАТО Орусиянын миссиясынын сегиз мүчөсүн чалгын кызматына тиешеси бар деген негизде айдап чыккан.

Йенс Столтенберг Москва менен мамиле начарласа да, диалог болуп турушу керек дейт:

Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.
Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.

"Бизде Орусия менен байланыша турган башка да каналдар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок биз Орусиянын Москвадагы НАТОнун эки кеңсесин жабуу жана анын НАТОдогу миссиясынын ишин токтотуу чечимине өкүнүчтөбүз. НАТОнун Орусияга мамилеси мурдагы бойдон калат. Бул деген токтотуу, коргонуу жана ошол эле кезде Орусия менен иштиктүү диалогду жөнгө салуу жолу. Биз азыр НАТО менен Орусиянын мамилеси өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин түшүнүшүбүз керек. “Кансыз согуш” учурунан бери мындай татаал боло элек болчу".

Орусиянын аскер-деңиз жана аскер аба күчтөрү Кара Деңиз менен Балтикада суу жана аба мейкиндигин бузуп, чагым жасаган аскердик жүрүштөрү НАТОнун жамааттык коргонуу тутумун күчтөндүрүү маселесин күн тартибине чыгарганы белгиленди.

Ага карабай Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр саммитте НАТО-Орусия форматын сактоону сунуштады:

Аннегрет Крамп-Карренбауэр, Германиянын коргоо министри.
Аннегрет Крамп-Карренбауэр, Германиянын коргоо министри.

"НАТО буга чейин эмне иш кылып келсе, ошонусун улантууга тийиш. Ал так болуп, бир жагынан, аскердик план боюнча Орусиянын кылык-жоругун жана опузасын эске алуу менен дайыма даярдыкта турушу кажет. Экинчи жагынан, бардык форматтарды, анын ичинен, буга чейин биздеги НАТО-Орусия форматын колдоону улантуу зарыл. Бул деген НАТО мурдагыдай эле кол сунарын түшүндүрөт. Азыр эми Орусия ага кол бериши керек",- дейт Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр.

Спутниктен тартылган сүрөт. Орусиянын Воронеж облусундагы украин чек арасына жакын тилкеге жайгаштырылган аскер күчтөрү. 17-апрель, 2021-жыл
Спутниктен тартылган сүрөт. Орусиянын Воронеж облусундагы украин чек арасына жакын тилкеге жайгаштырылган аскер күчтөрү. 17-апрель, 2021-жыл

Быйыл жазда Орусия 100 миңге чукул аскерин Украина менен чектеш тилкелерге жайгаштырып, Батыш өлкөлөрүн чочуткан жайы бар. Балтиканын үч өлкөсү баш болгон НАТОнун мүчөлөрү Орусиянын аскердик агрессиясын ооздуктоо талабын коюшкан эле.

Москва чек арадан аскерлерин ары жылдырып, чыңалуу басаңдаган менен Орусия Крымды аннексиялап алган соңку жети жылдан бери аскердик кубатын улам арттырып жатканы НАТОго мүчө-өлкөлөрдү тынчсыздандырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG