Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Адабият күнү, айтылып бүтпөс Айтматов


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Өлкөдө 12-декабрда Улуттук адабият күнү белгиленди. Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү. Буга байланыштуу он жылдан бери ушул күнү адабият күнү белгиленип келүүдө. "Азаттык" Айтматовдун чыгармалары жана аларды жайылтуу аракеттерине кызыкты.

Чыңгыз Айтматовдун феномени тууралуу көптөгөн ой-пикирлер айтылып, изилдөөлөр жазылып келди. Анын чыгармачылыгы менен бүткүл дүйнө эли тааныш. Айрыкча дүйнө адабиятынын үлгүлөрүн окуган Европа элинин көңүлүн бура алганы – анын уникалдуулугу. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев билдирди:

Султан Раев.
Султан Раев.

“Айтматовдун чыгармачылыгынын алгоритми жөнөкөй кыргыз айылынан башталып, ааламга кеткен адабият. Биз аны изилдегенде сөзсүз түрдө дүйнөлүк түшүнүктөрдөн тарта изилдешибиз керек. Анын философиясы, анын чыгармачылыгы, албетте, келечектин көптөгөн суроолоруна жооп берет. Себеби ал суроолорго кезегинде жазуучу биз үчүн да, өзү үчүн да жооп берген. Ошондуктан Айтматовдун чыгармачылыгы кылымдарды карыта турган чыгармалар болуп эсептелет. Мурдагы советтик мамлекеттердин ичинен эч бир жазуучу Айтматовдой дүйнөлүк адабияттын алкагына чыга алган жок десем жаңылышпайм”.

Айтматовдун чыгармаларында жаныбарлар арбын кездешет. Мисалы, Бугу эне, Гүлсары, Акбара менен Ташчайнар, Жаабарс жана башкалар. Айтматовдун табият менен тыгыз байланышкан чыгармаларынын бүгүнкү күндөгү жана келечектеги кызматы, дегеле анын чыгармачылыгынын баасы, маңызы тууралуу адабиятчы, жазуучу Ризван Исмаилова ой бөлүштү.

Ризван Исмаилова.
Ризван Исмаилова.

“Ар бир чыгармасында каармандарынын табиятка жакын экенин сезесиң. Ошол табият менен жуурулуштуруп бирге карап, алардын ички абалдарын, сезимин окурманга жеткирип, биз табияттын бир бөлүгү экенибизди кайра-кайра эске салат. Мына ушундай жандуу турмушту сүйүү бизде, айрыкча, жаштарда барбы деген суроо туулат. Өмүрүнүн көп бөлүгүн интернет желесинде өткөргөн балада кандай сезимдер болот деп ойлоносуң. Бул өтө коркунучтуу. Ушундай коом тууралуу кооптонууларды дагы Айтматов чыгармаларында түздөн-түз айтпаса да ички мазмунунда камтып кеткени маалым”.

Адабиятчылар Чыңгыз Айтматовдун негизги чыгармалары совет заманында жаралса да, алар бүгүнкүдөй маанилүү экенин белгилеп, жазуучунун артыкчылыгы - кечээкини бүгүнкүдөй көркөмдөп айтып бергендигинде гана эмес, эртеңкини да көрө билгендигинде дешет.

Маселен, Айтматов таануучу академик Абдылдажан Акматалиев азыр жаш муун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окубай калды деген пикирлерге кошулбайт. Анын айтымында, интернеттин заманында деле ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, чыгармаларды окутууга кызыктырса болот:

Абдылдажан Акматалиев.
Абдылдажан Акматалиев.

“Жаңы муунга китеп жетпесе кайдан окуйт анын чыгармаларын? Же китепканада жок, же мектептерде жок. Ошондуктан көбүрөөк басып чыгаруу жагын карашыбыз керек. Бирок жазуучунун 90 жылдыгына байланыштуу томдук китептери чыккандан кийин көбүрөөк окула баштады. Биз үч-төрт жылдан бери “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу”, “Эрте жаздагы турналар” жана башка чыгармаларын окутуп жатабыз. Кечээ эле дагы бир кезектеги онлайн окуу сынагынын жыйынтыгын чыгардык. Он миңдеген окурмандар катышып жатат”.

Абдылдажан Акматалиев учурдагы Айтматов таануучулар кандай иштерди жасап жатышканын да белгиледи:

"Айтматовдун чыгармаларын изилдеген 6-7 окумуштуу өсүп жетилди. Башкалар ойлошу мүмкүн булар ушул кезге чейин жазылып калган эле эмгектерди кайталап калышат деп. Бирок Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу чындыгында али айтыла элек, ачыла элек башка өңүттөр бар. Маселен, Айтматовго кино кандай таасир этти, театр, музыка, сүрөт кандай таасир этти, ушул багыттагы эмгектерди жазып жатышат. Биз буга чейин көп учурда Айтматов киного, музыкага, театрга таасир эткенин айтып келгенбиз”.

Чыңгыз Айтматов экинчи дүйнөлүк согуш доорунун дүйнөлүк деңгээлдеги эң көрүнүктүү жазуучусу. Дүйнөдө Чыңгыз Айтматовдун эң көп окуган эл немис эли дегендер да бар. Ал өлкөдө "Жамийла" чыгармасы эле 37 жолу кайра-кайра жарык көргөн. Муну эң кызыктуу парадокс деп атагандар да жок эмес.

Жазуучунун чыгармалары жалпысынан дүйнөнүн 180дей тилине которулган. Анын калемине таандык чыгармаларды кыргыз режиссёрлору гана эмес, чет элдик режиссёрлор да тасмага түшүргөн.

Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Айнура Кадырмамбетова Айтматов таануучулар Кыргызстанда эле эмес башка чет өлкөлөрдө да бар экенин айтат:

“Батышты мындай эле коёлу, биздин коңшу Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда Айтматов таануучулар бар. Мындан сырткары Кытайда, Кореяда, Жапонияда атайын анын чыгармачылыгы менен алектенген адамдар бар. Биз менен чыгармачыл-илимий байланышта жүргөн кытай элинин илимпоз профессорлорун, жогорку окуу жайлардын мугалимдерин мисалга алсак болот. Жазуучунун чыгармалары кандай которулуп жатканы тууралуу алардын изилдөөлөрү жазылган. Алар анын которулган чыгармаларын орус тилинде жазылганы менен салыштырышат, ошондой эле алардын Айтматов кытай жазуучуларына кандай таасир этти деген өңүттө жазган эмгектери бар”.

Айтматовдун чыгармаларындагы дагы бир зор тема бул – сүйүү. Анын Асел менен Ильяс, Мырзагүл менен Султанмурат, Данияр менен Жамийла, Раймаалы менен Бегимай сыяктуу жөнөкөй каармандарынан адамдардын сүйүүсүндөгү улуу жана аруу сезимдерди туюуга болот.

Айтматов таануучу Айнура Кадырмамбетова Айтматовдун кайсы чыгармалары учурда эл арасында көп окуларын айтып өттү:

“Бардык эле чыгармалары окулуп жатса керек. Бирок “Тоолор кулаганда”, “Кассандра тамгасы” чыгармаларына көп карапайым адамдар кызыкпайт. Буларды адабиятты терең түшүнгөн, ички даярдыгы мыкты адамдар окушат. Жазуучунун “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Делбирим”, “Гүлсарат”, “Кылым карытар бир күн" чыгармалары көп окулат”.

Жазуучунун Бишкектин чет жакасындагы үй-музейи 2014-жылы 12-декабрь күнү улуу жазуучунун жубайы, маркум Мария, уул-кызы Элдар жана Шириндин демилгеси менен ачылган. Бул үйдө калемгер өзүнүн акыркы 22 жылын жашап өткөргөн. Үй-музейде Чыңгыз Төрөкуловичтин кытайча которулган чыгармаларынан баштап, бир нече чет тилдерде жарык көргөн эмгектери коюлган. Ошондой эле жазуучунун алган сыйлыктары, сүрөттөрү, архивдик кол жазмалары бар.

Жазуучунун карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова бир тууган агасынын камкордугу жана мамилеси тууралуу буларды айтты:

Роза Айтматова.
Роза Айтматова.

“Агам тогуз жашында, мен беш айлык чагымда атабыздан ажырап калганбыз. Ал мага ага да, ата да болуп өстүрдү. Согуш маалында окуусун таштап иштеп, колхоздон жер алып, жүгөрү эгип, бизди аябай баккан. Кийин агам билим алып, иштеп калгандан кийин биз деле кайрылчу эмеспиз. Өзү да “өзүңөрдүн кесибиңер боюнча иштей бергиле” деп койчу. Биз жакындары эч качан анын кадырын пайдаланган эмеспиз, биздин үй-бүлөдө ушундай эрежелер бар болчу. Ал бийик атак-даңкка жеткенде албетте ал менен бирге кубанып, куттуктап кетчүбүз. Бирок бирге көкөлөп кеткен жокпуз”.

Адабиятчылар СССР убагында өз эне тилинде жана орус тилинде бирдей жазган жазуучулар сейрек болгонун жана алардын катарында Айтматов бар экенин белгилешет. Эл жазуучусу Мелис Абакиров да залкарга башкалардай эле бийик урмат кылганын айтат.

Бирок Абакиров Улуттук адабият күнүн Айтматовдун туулган күнүнөн башка датага жылдыруу керек деген пикирде. Буга ал адабияттын башка өңүттөрү көлөкөдө калып жатканын жүйө келтирди:

Мелис Абакиров.
Мелис Абакиров.

“Айтматовдун туулган күнү, Алыкулдун көзү өткөн күнү деп белгилеп койгонубуз менен биздин адабият бул менен чектелбейт. Адабиятты бир эле киши түзбөйт. Биздин улуттук адабияттын түптөлгөн тарыхы Тыныстанов, Баялинов, Токомбаев, Бөкөнбаев, Сыдыкбеков, Турусбеков, Элебаев өңдүү башка залкар адамдардын аты менен да байланыштуу. Ошондуктан Улуттук адабият күнүн Айтматов менен Алыкулга гана байлабай, Кыргызстан жазуучулар союзунун түзүлгөн күнүнө жылдырса туура болот”.

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Буга чейин да адабият күнүн башка күнгө жылдыруу маселеси кыргыз акын-жазуучулары тарабынан бир нече ирет көтөрүлүп келген, бирок азырынча өзгөртүлө кире элек.

2011-жылы 28-январда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү туралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгилене турган болгон.

Мындай демилгени көтөрүп чыккан КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов белгилүү акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан адабият күнү катары тандалып алынганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG