Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Москва облусундагы монастырда жардыруу болду


Серпухов шаарындагы жардыруу болгон жер.

Москва облусундагы Серпухов шаарында 18 жаштагы улан православ гимназиясында колго жасалган жабдыкты жардырып жиберди. Маалыматтарга караганда, 3 киши жарадар болду. Москва облустук полициясы жигит өзү диний мектепте окуганын билдирди. Окуу жайдын мугалимдери жана тарбиялануучулары эвакуцияланды.

Кээ бир маалымат каражаттары жардырган бала каза тапканын жазышты, бирок расмий органдар бул кабарды бышыктай элек. Күбөлөрдүн айтымында, 7 өспүрүм жарадар болду.

Окуя болгон жерде тергөөчүлөр менен прокуратура өкүлдөрү иштеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жигит граната жасоодо колдонулган жардыруучу заттарды сатып алып үйүндө сактап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG