Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Еврошаркет "Вагнердин аскердик менчик компаниясына" санкция салат


Европа Биримдиги орусиялык "Вагнердин аскердик менчик компаниясына" (ЧВК) каршы санкция салганы жатат. Шаркеттин тышкы иштер министрлери 13-декабрда Брюсселдеги жыйында 8 кишини, компаниянын өзүн жана ага байланышы бар 3 уюмду дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаңжалдар маалында адам укуктарын бузуу үчүн “кара тизмеге” киргизилгенин жарыялашмакчы. Санкцияларга кабылгандар шаркеттин мамлекеттерине бара алышпайт, биримдиктеги активдерин колдоно алышпайт, алар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат.

Батыш өкмөттөрү Москва компанияны Украина, Ливия, Сирия, Судан, Мозамбик жана Борбордук Африка жумуриятындагы уруштарда аскердик күч катары пайдаланган деп эсептешет.

Көптөгөн фактыларга карабай, орус бийлиги жалданма кошуундар менен байланышы жоктугун айтып келет. Аларды "инструктор" же "кеңешчи" деп сыпаттайт.

Улуттар Уюмунун эксперттери жана Батыш "вагнерчилер" Борбордук Африка жумуриятында өкмөткө каршы согушкан козголоңчулар менен бирге адам укуктарын бузушканын билдиришкен.

Компаниянын демөөрчүсү деп орусиялык ишкер, президент Владимир Путинге жакын адам Евгений Пригожин аталууда. Пригожинге буга чейин АКШ жана Еврошаркет санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG