Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

“Сапаттын” окуучулары информатика боюнча олимпиаданын абсолюттук чемпиону болушту


Информатика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү мугалимдери менен.
Информатика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү мугалимдери менен.

Информатика боюнча XIII Евразия олимпиадасында жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстандын командасы алтын медаль утуп алуу менен абсолюттук чемпион болду. Бул тууралуу 13-декабрда “Азаттык” радиосуна эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлү Чыңгыз Исманов билдирди.

Анын айтымында, олимпиада Казакстандын Алматы шаарында өттү. Жыйынтыктоочу турда Казакстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 44 команда, 132 окуучу күч сынашты.

Кыргызстандын атынан үч команда катышты, финалдык турга “Сапаттын” окуучуларынан турган эки команда чыкты.

Жыйынтыгында Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоёнов Тенгиз, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр алтын медалга татыктуу болушту.

Окуучулар 12 тапшырманын ичинен 8ин чыгаруу менен информатика боюнча ХІII Евразиялык олимпиадасынын абсолюттук чемпиондору болушту.

Ушул эле жыйынтык менен алар Программалоо боюнча бүткүл Орусиялык окуучулар олимпиадасында коло медаль алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG