Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Президент окубай калган балдарды мектепке киргизүү боюнча жарлык чыгарды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров "Балдардын билим алууга конституциялык укугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги эки жумада мектепте окубай жаткан балдардын эсебин алып, мектепке киргизүү боюнча зарыл чараларды көрүш керек.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте бир ай ичинде турмушу оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды таап, зарыл болгон кийимдерди окуу-буюмдарын сатып алууда жардам көрсөтүшү зарыл.

Өлкө башчысы Министрлер кабинетине эки ай ичинде баласын мектепке жибербеген, билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн ата-энелердин жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга тапшырма берген.

Улуттук статистика комитетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окууга келген эмес.

Адистер балдардын мектепке барбай калышынын бир нече себептерин белгилеп келишет. Ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары, балдардын үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн иштөө зарылчылыгы негизги себептердин бири. Диний себептер менен балдарын мектепке жиберүүдөн баш тарткандар да бар. Документи жок жана көңүл бурулбай калган мигранттардын балдары да негизги көйгөйлөрдүн бири (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG