Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Полковник Айткурмановдун өлүмү боюнча тергөө башталды


Сыргак Айткурманов. 6-январь, 2021-жыл.
Сыргак Айткурманов. 6-январь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги милициянын пенсиядагы полковниги, мекеменин Тергөө кызматынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурмановдун өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

ИИМдин билдирүүсүндө, 44 жаштагы полковник 13-декабрда эртең менен эстен танган абалда ооруканага түшүп, каза болуп калган.

"Ал эртең мененки саат 7лер чамасында №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө “Тез жардам” менен жеткирилген. Дарыгерлердин аныктамасына ылайык, Айткурманов баш-мээдеги жаракат диагнозу менен эс-учунан танган абалда түшкөн. Анын өмүрүн сактап калуу аракеттерине карабай, саат 12лер чамасында эсине келбей каза болгон. Жанында тек-жайын аныктоочу документтери (айдоочулук кубөлүгү, ID паспорту) менен “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук аппараты бар экендиги аныкталган".

ИИМдин маалыматына караганда, экспертизанын баштапкы жыйынтыгы менен ага боордун өнөкөт оорусу, кызыл өңгөч жана ашказандын кардиалдык бөлүмүнүн варикозу, ашказандан кан кетүү (Мэллори- Вейсс синдрому) диагнозу коюлган.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү окуяны кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө баштаганы кабарланды.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, жеке курамы, коллегия
мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу полковниктин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу
анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Сыргак Айткурманов ИИМдин Тергөө кызматын 2019-жылдын августунан 2021-жылга чейин жетектеген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG