Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Гаипкулов: Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот


Токтобүбү Оргалча жана Жанар Акаев.
Токтобүбү Оргалча жана Жанар Акаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди.

Бүгүн, 15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан - 1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү жети мандат алган "Альянс" партиясына тиешелүү болот.

Гаипкулов "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат аларын билдирди.

Буга чейин БШКда жобону өзгөртүү боюнча эки жолу добуш берилип, эки жолу тең колдоо тапкан эмес. Бул жолу шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өз позициясын өзгөрткөн. Азырынча Жанар Акаев жана "Альянс" партиясы БШКнын акыркы чечими боюнча комментарий бере элек.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG