Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

БШК партиялык тизме боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун бирдиктүү округ боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында кабарланды.

Ага ылайык, 5% босого чектен алты партия өткөн. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан" - 222 005 добуш же 17.32%, "Ишеним" - 174 470 добуш же 13.61%, "Ынтымак" - 141 009 добуш же 11.00%, "Альянс" - 106 955 добуш же 8.35%, "Бүтүн Кыргызстан" - 90 223 добуш же 7.04%, "Ыйман Нуру" - 79 025 добуш же 6.17% алды деп таанылды.

БШК чыгарган расмий жыйынтыкка ылайык "Ата-Журт Кыргызстан" – 15, "Ишеним" - 12, "Ынтымак" - 9, "Альянс" - 7, "Бүтүн Кыргызстан" - 6, "Ыйман Нуру" - 5 депутаттык мандат алды.

30% гендердик квотаны сактоо боюнча мыйзамга ылайык "Ата-Журт Кыргызстандан" – 5, "Ишенимден" – 4, "Ынтымактан" – 3, "Альянстан" – 3, "Бүтүн Кыргызстандан" – 2, "Ыйман Нурунан" 2 аял депутат болот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Анда 90 депутаттын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келмек. БШК бир мандаттуу 35 округдун жыйынтыгын чыгарды. Чүй-Кемин округунан уткан талапкердин кош жарандыгы текшерилип жаткандыктан, аталган округ боюнча шайлоо жыйынтыгы чыга элек.

Биринчи май жана Свердлов округдарындагы шайлоодо баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан, эки округда кайра шайлоо өтөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG