Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Нурбаев БШКнын жобосунун өзгөрүшүнө Шайлдабекованы айыптады


Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Абдывахап Нурбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын депутаттыкка шайланган талапкерлер арасында 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсүн сынга алды.

"Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейин канча мандат алса канча аял келет деп жобо кабыл алган. Ал жободо партия жети мандат алса эки аял депутат болот деп жазылган. Шайлдабекова эки-үч күндөн бери өзү баш болуп, БШКнын ар бир мүчөсүн көндүрүп катуу иштеп жаткан. Бул Шайлдабекованын жеке кызыкчылыгы, сатылышы мүмкүн деген ой жаратат. Конкреттүү атаганда президенттин аяшымын деп жүргөн Токтобүбү Оргалчанын аракети болушу мүмкүн. Эл ишенбей жаткан шайлоонун "шайтанын" чыгара турган болушту".

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалчанын пикирин угууга мүмкүн болгон жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан - 1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Бул өзгөртүү жети мандат алган "Альянс" партиясына тиешелүү болот.

БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалча мандат аларын билдирди.

Буга чейин БШКда жобону өзгөртүү боюнча эки жолу добуш берилип, эки жолу тең колдоо тапкан эмес. Бул жолу шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өз позициясын өзгөрткөн. Азырынча Жанар Акаев жана "Альянс" партиясы БШКнын акыркы чечими боюнча комментарий бере элек.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG