Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

РЭС кызматкерлери чоң суммадагы акча кымырган деп шектелүүдө


Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын эки кызматкери 9,6 млн. сомго жакын акчаны мыйзамсыз кымырып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 15-декабрда кабарлады.

Маалыматка караганда, ишкананын кассири жана эсеп-кысап боюнча инженери өз ара сүйлөшүп алып, жеке чарбалардан электр энергиясы үчүн алынган төлөмдөрдү «РСК Банкка» төгүлгөн деп туура эмес маалыматтарды көрсөтүп турушкан. Банктан накталай төлөм үчүн берилген дүмүрчөктү «кылмышты жашыруу үчүн жасалмалап келишкени айтылат.

Шектүүлөр 2015-жылы 1 млн. 47 миң сом, 2016-жылы 2 млн. 935 миң сом, 2017-жылы 2 млн. 600 миң сом, 2018-жылы 3 млн. 9 миң сом өлчөмүндө бюджеттик каражатты кымырган алышкан.

«Жалал-Абад электр» ишканасына жалпы 9 млн. 592 миң 894 сом материалдык зыян келтирилген.

Ноокен райондук милициясы «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен иш козгоп, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Шектүү тараптын адвокат же жакындары комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG