Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Азербайжан менен Армениянын лидерлери төрт сааттан ашык сүйлөштү


Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель (солдон оңго), Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Брюссель, 14-декабрь, 2021-жыл.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель (солдон оңго), Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Брюссель, 14-декабрь, 2021-жыл.

Брюсселде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев "орчундуу сүйлөшүү" өткөрдү. Бул тууралуу сүйлөшүүнү уюштурган Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель шаршемби күнү билдирди.

Анын айтымында, үч тараптуу сүйлөшүү төрт сааттан ашык убакытка созулуп, 15-декабрдын алгачкы сааттарына чейин уланган. Анда коңшу өлкөлөр өткөн жылдагы Тоолуу Карабактагы согуштан кийинки чыңалууну басаңдатуу жана дипломатиялык аракеттерди илгерилетүү жолдорун талкуулашкан.

Алиев менен Пашинян чек ара аймактарында кырдаалды турукташтыруу үчүн "көзгө көрүнөрлүк кадамдар" керек экенин айтышкан. Ошондой эле алар эки өлкө ортосундагы транспорт каттамдарын калыбына келтирүү жолдору тууралуу да сүйлөшүшкөн.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы деп эсептеген Тоолуу Карабак 1990-жылдарын башындагы жикчил согуштан бери армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп келген.

Былтыр күзүндө Азербайжан менен Ереван колдогон армян күчтөрүнүн ортосунда согуш чыгып, ал Орусиянын арачылыгы аркылуу кол коюлган тынчтык келишими менен аяктаган.

6,5 миңдей адамдын өмүрүн алган согуштун натыйжасында Тоолуу Карабактагы бир топ аймак жана анын айланасындагы иш жүзүндө армян күчтөрү көзөмөлдөгөн райондор Азербайжандын карамагына өткөн.

Андан бери ок атышпоо келишими бир нече жол бузулганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG