Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

AI: Ооганстанда болжолдуу согуш кылмыштары катталды


Ооганстандын Урузган аймагындагы талиб жоокерлери. 3-декабрь, 2021-жыл.
Ооганстандын Урузган аймагындагы талиб жоокерлери. 3-декабрь, 2021-жыл.

Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) кыймылы Ооганстанда кыйноолорго жана соттун өкүмү жок эле өлүм жазасына тартуу учурларына жол бергенин билдирди. Уюмдун 15-декабрда жарык көргөн баяндамасында айтылгандай, талибдер “улуттук жана диний азчылыктын өкүлдөрүн, ооган армиясынын мурдагы жоокерлерин, өкмөткө жан тарткан адамдарды кыйнашкан жана өлтүрүшкөн”.

Уюмдун баш катчысы Агнес Калламард Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, болжолдуу согуш кылмыштары тууралуу далилдерди иликтөөгө чакырды.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюм 1-августтан 15-августка чейин Кабулда изилдөө жүргүзүп, 65 адам менен бетме-бет маектерди уюштурган. Август айынан ноябрь айына чейин атайын мобилдик тиркеме аркылуу Ооганстандын 10 провинциясындагы 36 жабырлануучу жана күбө менен маектешкен.

Баяндамада ооган өкмөтү кулагандан кийинки жайкын тургундардын жабыр тартышына жол ачкан чабуулдарга Ооганстандын улуттук аскердик күчтөрү жана АКШ армиясы да жооптуу болгону жазылган. Кошмо Штаттардын аба күчтөрү 29-августтагы 10 адамдын өмүрүн алган дрон чабуулун "трагедияга алып келген катачылык" деп мүнөздөгөн.

15-августта Ооганстанда бийликти басып алган талибдер укук коргоо уюмдарынын буга окшош айыптоолорун четке кагышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG