Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Баткенде жаңы жылдык балаты жасалгаланбайт


Баткен шаарынын борбордук аянтындагы балаты. 2019-жыл.
Баткен шаарынын борбордук аянтындагы балаты. 2019-жыл.

Баткен облусунун борборунда жаңы жылдык балаты жасалгаланбайт жана маданий иш-чаралар да өткөрүлбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов билдирди. Анын айтымында, шаардын бюджетин үнөмдөө максатында жетекчилик ушундай чечим кабыл алды.

"Үнөмдөлгөн чыгымга социалдык жактан колдоого муктаждар үчүн жардам берилет. Социалдык жактан колдоого муктаж катмардагы балдарга жана окуусунан өзгөчөлөнгөн окуучулар үчүн гана шаар мэринин балатысы өткөрүлөт", -деди Равшанбек Бадалов.

Жыл башында шаар казынасынан жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды уюштурууга 180 миң сомдон ашык каражат каралган. Мурдараак Баткен шаарынын мэри апрель айынын соңундагы чек ара чырынан улам көп чыгымдар болгонун айткан. Ошондуктан жаңы жылдык салтанат белгиленбесин билдирген. (JA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG