Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Мамасалиева: Баткенде үйү өрттөлгөндөр мүлкү үчүн кенемте ала элек


Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үй-жайы жабыркаган жарандар компенсация төлөнбөй жатканын билдирип маалымат жыйынын өткөрүштү.

“Интербилим” эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева билдиргендей, мамлекет өрттөнгөн үйлөрдү тургузганы менен үйдүн мүлкүн компенсация кылган эмес.

“140 үй өрттөлүп, 110 үй тонолгон. Мал-жан уурдалып кеткен. Ушунча үй-бүлө такыр жайдак калышкан. Мамлекеттик комиссия чыгымды 298 млн. сом деп баалаган. Мамлекет салып берген жылаңач үйгө эле киришти. Бийлик үйдү, үйдүн ичин жана жоголгон мал-жанды компенсация кылыш керек эле”, - деди Мамасалиева.

Максат айылынын тургундары Сапарали Адинаев менен Рызбан Толубаева уюштурган маалымат жыйынына өзгөчө кырдаалдар министринин, каржы министринин, айыл чарба министринин, социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары катышкан.

Мамасалиеванын айтымында, мамлекет салып берген 140 үйдүн ээсинин 26сынын гана үй-шарты жакшырган. Калганынын үй-жайы азыркыдан жакшы болчу.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 2022-жылы 80 млн. сом компенсация төлөнүп берилерин билдирген.

Быйыл 28-30-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Жабыркаган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 үй жаңыдан курулуп берилген. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG