Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

RSF Кытайды журналисттерди эң көп камакка алган өлкө деп атады


“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамаларынын бири.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамаларынын бири.

Быйыл дүйнө жүзүндө камакка алынган журналисттердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 20% өстү. Бул тууралуу 16-декабрда “Чек арасыз кабарчылар” уюму (RSF) дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин талдаган жаңы баяндамасында билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 488 журналист жана медиа кызматкерлери камакта жатат. Бул баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм өз баяндамасын чыгара баштаган соңку 25 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Журналисттерди эң көп камаган өлкөлөрдүн башкы саптарында Кытай (127), Бирма (53), Вьетнам (43), Беларус (32 журналист) турат.

Баяндамага ылайык, быйыл медиа тармагында иштеген 46 адам киши колдуу болду. Бул 1995-жылдан берки төмөнкү көрсөткүч. Уюмдун эксперттери журналисттер арасында жоготуулардын азайышына Сирия, Ирак жана Йемендеги жаңжалдардын басаңдаганы себеп болгонун билдиришти.

Мексика менен Ооганстан журналисттердин өмүрүнө эң көп коркунуч жаралган өлкөлөр деп мүнөздөлгөн. Соңку бир жылда Мексикада 7, Ооганстанда 6 журналист киши колдуу болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG