Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Германия Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды


Берлиндеги орус элчилиги.
Берлиндеги орус элчилиги.

15-декабрда Германиянын бийлиги Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды. Мындай чечим немис соту мурдагы чечен командири Зелимхан Хангошвилинин (Торнике Кавтарашвили) киши колдуу болушу боюнча орус жаранын өмүр бою абакка кескенден көп өтпөй жарыяланды.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечими тууралуу Орусиянын Берлиндеги элчиси Сергей Нечаевге маалымат берилгенин айтты. Ал Орусиянын Хангошвилини өлтүрүүгө аралашканын Германиянын мыйзамдарына жана суверендүүлүгүнө олуттуу деңгээлде шек келтирген аракет катары мүнөздөдү.

Бир күн мурда Германиянын соту Хангошвилинин өлүмү боюнча Орусиянын тыңчысы делген Вадим Красиковду (Вадим Соколов) өмүр бою абакка кескен.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен.

Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини "мыкаачы, канкор" деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

Орусиянын Берлиндеги элчилиги соттун чечимин "бир тараптуу жана саясий мотиви бар" деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG