Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Германия: Хангошвилинин өлүмү боюнча орус жараны абакка кесилди


Зелимхан Хангошвили киши колдуу болгонго чейин Германияда качкын катары үй-бүлөсү менен баш калкалап жаткан.
Зелимхан Хангошвили киши колдуу болгонго чейин Германияда качкын катары үй-бүлөсү менен баш калкалап жаткан.

Германиянын соту мурдагы чечен командири Зелимхан Хангошвилинин (Торнике Кавтарашвили) Берлинде атып өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын тыңчысы делген Вадим Красиковду (Вадим Соколов) өмүр бою абакка кести.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен.

Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

Прокурорлордун жүйөөсү боюнча, Красиков велосипед менен Хангошвилинин жанына жакындап, добушу басаңдатылган тапанча менен атып кеткен. Немис канцлери менен депутаттар отурган имараттан анча алыс эмес жерде болгон бул окуя Москва менен Берлиндин мамилесинин чыңалышына жол ачкан.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG