Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:31

Зеленский Брюсселде Макрон жана Шольц менен сүйлөшөт


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-декабрда Брюсселде Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындай жолугушуу Батыш өлкөлөрү орус күчтөрүнүн Украинанын чек арасына жакын аймакта топтолуп турганына тынчсызданып турган учурда уюштурулууда.

Немис өкмөтүндөгү булактар билдиришкендей, Брюсселдеги жолугушууда Украинанын чыгышындагы урушту токтотууну көздөгөн Минск келишимин аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Германиянын канцлери Олаф Шольц немис парламентиндеги алгачкы кайрылуусунда Орусия Украинага жаңы чабуул баштай турган болсо, анда анын кесепети болоорун эскерткен.

Зеленскийдин Макрон жана Шольц менен сүйлөшүүсүн улай Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилеринин Чыгыш өнөктөштүгү программасына кирген Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украинанын лидерлери менен саммити өтөт.

Соңку жумаларда Орусиянын Украина менен чектеш аймактарына он миңдеген орус күчтөрү топтолгону, кийинки айда кайсы бир аймактарды басып алуу планы ишке ашырылышы мүмкүндүгү тууралуу кабарлар тарап жатат. Орус бийлиги Москва эч кандай чабуулга даярдык көрбөгөнүн билдирип, өз аскерлерин каалаган аймакка жылдырууга укугу бар экенин белгилеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG