Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Жонсон менен Путин телефондо Украин чек арасындагы кырдаалды талкуулашты


Борис Жонсон менен Владимир Путин Берлинде Ливия боюнча эл аралык конференция учурунда, 1-январь, 2020-жыл.
Борис Жонсон менен Владимир Путин Берлинде Ливия боюнча эл аралык конференция учурунда, 1-январь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефо аркылуу сүйлөштү. Москва НАТОнун чыгышка карай кеңейишине жол бербөө үчүн Батыш менен токтоосуз түрдө сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу "Рейтер" маалымат агенттиги кабарлады.

Кремлдин сайтында Путин менен Жонсондун сүйлөшүүсү тууралуу "Батыштын башка лидерлери сыяктуу эле Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын аскерлеринин Украина менен чек арасына жакын жерлерде болжолдонгон масштабдуу кыймыл аракеттерине тынчсыздануусун билдирди" деп жазылды.

Буга байланыштуу Владимир Путин Украинанын айланасындагы учурдагы кырдаалга өзүнүн принципиалдуу баасын бергени Кремл тараткан маалыматта көрсөтүлгөн. Украинанын ички кризисин жөнгө салууга негиз болгон Минск келишимин бузууга Киевдин деструктивдүү линиясынын конкреттүү мисалдары келтирилгени белгиленди.

Ушуну эске алуу менен Владимир Путин НАТОнун чыгышка мындан ары илгерилешине жол бербөөчү так эл аралык укуктук келишимдерди иштеп чыгуу максатында тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG