Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Бажы кызматы Кытайдан күнүнө 125 жүк ташуучу унаа өтүп жатканын билдирди


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам бекеттеринен күнүнө 125 жүк ташуучу автоунаа өтүп жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйынында билдирди.

2020-жылы пандемиядан башталгандан бери Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү кескин түшүп кетти. Кыргызстандын 70% бажы төлөмдөрү Кытайдан келген товарлардан түшөт.

Кубанычбековдун айтымында, 2021-жылдын 11 айында 41,4 млрд. сом бажы төлөмү бюджетке түштү. Бажы кызматына коюлган жылдык план 48,4 млрд. сом болсо, учурда 92,9 % аткарылган.

11 айда бажыда 2227 мыйзам бузуу катталган. 2070 иш козголуп, 9,5 млн. сом айып пул алынган жана 132 млн. сом бажы төлөмү төлөтүлгөн. Кубанычбеков бажыдагы аныкталган 157 мыйзам бузуу боюнча мамлекетке келтирилген 93 млн. сом чыгымдын орду толтурулганын билдирди.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын башына октябрда келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы кызматынын жаңы дайындалган жетекчисине бул тармактан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлганын билдирген.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан бир жарым миңдей кишинин жарымы бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG