Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Дүйнө чемпионатында кичи күмүш байге утту


Архив сүрөт. Бекдөөлөт Расулбеков Олимп оюндарында. Токио, Жапония. 2021-ж.
Архив сүрөт. Бекдөөлөт Расулбеков Олимп оюндарында. Токио, Жапония. 2021-ж.

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында кичи күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Расулбеков 102 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыкты. Ал булкуп көтөрүүдө 167 килограмм, түртүп көтөрүүдө 217 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 384 упайга ээ болду. Бул көрсөткүч менен Расулбеков коло байге алган ирандык спортчудан төрт упай артта калып, 4-орунду ээледи.

Бул салмакта жалпысынан 17 спортчу таймашты. Алтын байгени ирандык Мотамеди Седех Расул (булкуп көтөрүүдө 177 кг., түртүп көтөрүүдө 220 кг., жалпы 397 кг. ), күмүш байгени түштүк кореялык Жин Юнсёнг (булкуп көтөрүүдө 180 кг., түртүп көтөрүүдө 216 кг., жалпы 396 кг.), коло байгени ирандык Хогхоугхиосгоуеи Амир (Hoghoughiosgouei Amir) (булкуп көтөрүүдө 172 кг, түртүп көтөрүүдө 216 кг., жалпы 388 кг.) алды.

Андан тышкары спортчуларга ар бир дисциплина боюнча өзүнчө ээлеген орундарына жараша байге алышты. Бекдөөлөт Расулбеков түртүп көтөрүүдө 217 килограмм салмак менен 2-орунда жайгашып, кичи күмүш байге алды. Булкуп көтөрүүдө 167 килограмм салмак көрсөткүч менен 9-орунду ээлеген.

Бекдөөлөт Расулбеков 25 жашта. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 6-орунду ээлеген. (GT)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG